“Иш менен камсыз кылуу жана жумушсуздук. 2023-жылдагы үй чарбалардын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары” жылдык басылмасы басып чыгарууга даярдалды
Басылмалардын датасы: 04.11.2024
“Иш менен камсыз кылуу жана жумушсуздук. 2023-жылдагы үй чарбалардын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары” жылдык басылмасы басып чыгарууга даярдалды
Сунушталган басылма Улутстатком тарабынан жыл сайын жүргүзүлгөн үй чарбалардын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктарынын негизинде даярдалды. Жумушчу күчү, иштеген жана жумушсуз калктын аймактар, жыныс, билим деңгээли, экономикалык ишмердиктин түрлөрү, иштеген иши жана башка көрсөткүчтөр боюнча бөлүнүшү жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. Басылмада жумушчу күчүнүн (иштегендердин жана жумушсуздардын) санын жана курамын, жумушчу күчүнө катышуу деңгээлин, иш менен камсыз кылуунун жана жумушсуздуктун деңгээлин, ошондой эле потенциалдуу жумушчу күчү сыяктуу жумушчу күчүнүн толук пайдаланылбагандыгын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү, жумушсуздуктун деңгээлинин жалпы көрсөткүчүн жана потенциалдуу жумушчу күчүн мүнөздөгөн маалыматтар берилет. Жумуш убактысын, формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылууну, 15-35 жаштагы жаштардын эмгек рыногундагы абалын, калктын эмгек ишмердигинин башка түрлөрүнө катышуусун мүнөздөгөн маалыматтар көрсөтүлгөн.
Республикасынын эмгек рыногунун негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар 2014-2023-жылдардагы динамикада берилген.
Жыйнактын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий сайтындагы (www.stat.gov.kg) "Басылмалар" бөлүмүндө жеткиликтүү.
_______________________________________________________________________________________
Эмгек жана иш менен
камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү |e-mail:jailobaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 62 60 76
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
04.11.2024-ж.