“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар - 2015-2019” статистикалык басылмасы басууга даярдалды
Басылмалардын датасы: 29.09.2020
“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар - 2015-2019” басылмасы 2019-ж. мурунку жылдарга салыштырмалуу республикадагы инвестициялык жана курулуштук ишмердиктин түзүлгөн тенденцияларынын кыскача баянын камтыйт.
Басылма жалпы республика боюнча жана аймактардын бөлүктөрүндөгү инвестициялар жана курулуш боюнча кеңири статистикалык маалыматтарды камтыган тиркемелер менен толтурулган. Толугураак “Басылма” бөлүмүнөн караңыздар.
Бул басылманы алууну каалагандарга Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууну сунуштайбыз.
_____________________________________________________________________
Инвестиция статистикасы бөлүмү |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).