«Кыргызстандагы Туризм» статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 21.08.2024


«Кыргызстандагы туризм» басылмасы “2019-2023 жж. Кыргыз Республикасындагы туризмдин өнүгүшүнүн негизги индикаторлору” аналитикалык обзору, ошондой эле ушул чөйрөдөн алынган кошумча дүң нарк, туризм чөйрөсүндөгү субъекттер, туристтерди жайгаштыруу каражаттары,  туристтердин агымдары, Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өтүүлөрдүн (келүүлөр) саны, туристтик ресурстар, туризм чөйрөсүнө келген инвестициялар, туризм чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрү жана ушул кызмат көрсөтүүлөргө баалар (тарифтер), туризмди камсыздандыруу жана башкалар жөнүндө 2019-2023-жылдар үчүн маалыматты камтыйт. Маалыматтар жалпы республика боюнча да, анын аймактары боюнча да берилген.
Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынын (https://stat.gov.kg/ru/statistics/turizm/)  “Басылмалар” бөлүмүндө жеткиликтүү.

Акыркы жаңылоо: 29.08.2024, 12:19