"Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Корея Республикасынын Статистикалык башкармалыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө" Меморандумга кол коюлду

Басылмалардын датасы: 11.08.2025


2025-жылдын 5-9-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Корея Республикасынын Статистикалык башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө ” Меморандумга кол коюу жана ошондой эле алдыдагы жылдарга карата  жол картада чагылдырылган иш-чаралардын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн долбоорду ишке ашыруунун негизги багыттарын талкуулоого  Тэжон шаарына (Корея Республикасы) иш сапары менен барды.
 
Меморандумга кол коюу 2024-2028-жылдарга карата “Корея Республикасынын Өкмөтүнүн өнүгүүгө расмий жардам көрсөтүү “ Программасынын алкагында Корея Республикасынын Статистикалык башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык потенциалын жогорулатуу" долбоорун ишке ашыруунун максатында өттү.
 
Долбоордун максаты өндүрүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана сапатын жакшыртуу, ошондой эле статистикалык потенциалды жогорулатуу максатында расмий статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу системасын автоматташтырууда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине колдоо көрсөтүү болуп саналат.
 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык потенциалын өстүрүү» аттуу долбоорду ишке ашыруу үчүн, Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан Корея Республикасынын Статистикалык башкармалыгы аркылуу 5,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант берилген, мында гранттык каражаттардын ээлери Корея тарап болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2024-жылдан 2028-жылга чейинки мезгилди камтыйт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында долбоордун экинчи фазасы ишке киргизилген, анда негизги басым статистикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун санариптик системасын киргизүүгө багытталат.
 
Долбоордун алкагында Корея Республикасынын Тэжон шаарындагы статистика жаатындагы Кадрдык потенциалды өнүктүрүү институтунда «Статистика жана саясат» статистикалык тренинг өткөрүлдү, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекмурза Эргешов, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин шаардык статистика башкармалыгынын жетекчиси жана борбордук аппаратынын кызматкерлери катышышты. Бул тажрыйба алмашууну жана алдыңкы тажрыйбаларды кеңейтүүгө өбөлгө түздү, ошондой эле Кыргызстандын статистикалык системасын биргелешип өнүктүрүүгө жана кызматташууга негиз түздү.
 

Акыркы жаңылоо: 13.08.2025, 13:31