2015-жылдагы маданият мекемелеринин ишмердигинин жыйынтыктары чыгарылды

Басылмалардын датасы: 02.06.2016


    2015-жылдын 1-январына карата республикада 20 кесиптик театр, 63 музей, 38 маданият жана эс алуу сейилбактары иштеген.

    Театрлардын жалпы санынын ичинен 8и - Бишкек шаарында, 3өө - Жалал-Абад облусунда,
3өө - Ош шаарында, 2өө - Нарын облусунда жана бирден театр  - Баткен, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарында жайгашкан. Өткөн жылы театр жамааты тарабынан 153 миң көрүүчү келген 1,4 миң спектакл коюлган.

   Музейлердин жалпы санынын эң көп үлүшү мемориалдык, өлкө таануучу жана тарыхый музейлерине туура келет. Өткөн жылы республиканын музейлерине 700 миңден көп адам келген, ал эми уюштурулган экскурсияларга келгендердин саны 334 миңден көп адамды түздү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

_____________________________________________________________________________

      

______________________________________________________________________

Социалдык                                             e-mail: j.rahmanova@stat.kg

статистика бөлүмү                                 e-mail: social-nsc@mail.ru              тел.+996(312) 664042

 

 


Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамдын
17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 02.06.2016, 15:41