Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов: “Мекенди коргоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз!”
Басылмалардын датасы: 22.02.2022
Урматтуу мекен сакчылары!
23-февраль мекен сакчыларынын күнү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жалпы эмгек жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Ыйык мекенибиз Кыргызстанды коргоо – ар бир атуулдун парзы болуп саналат. Биздин эр-жүрөк ата-бабаларыбыз канын төгүп, эрдик менен кылымдар бою жерибизди, элибизди коргоп, бизге, кийинки муунга жаркын келечекти тартуулап берди. Биз өз кезегибизде атуулдук милдетибизди аткарып, келе жаткан муунга күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды өткөрүп беришибиз керек.
Алдыда өлкөбүз үчүн абдан маанилүү иш-чарасы - Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо өткөрүлгөнү жатат. Учурдан пайдаланып, бардык мекендештеримди бул ар бир кыргызстандык үчүн жооптуу болгон мамлекеттик жараянга активдүү катышууга чакырам.
Урматтуу мекен сакчылары!
Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас-кайрат, күч-кубат жана бейпил турмуш каалайм! Ал эми ыйык мекенибиз Кыргызстанда ар дайым тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!
Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика комитетинин
Төрагасы
Бактыбек Кудайбергенов