Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов БУУнун Статистика бөлүмүнүн өкүлдөрү Paris 21 менен жолугушуу өткөрдү

Басылмалардын датасы: 19.03.2025


Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча экинчи Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо маселелери боюнча БУУнун Статистика бөлүмүнүн өкүлдөрү Paris 21 менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу "Келечекти биргелешип түзүү: жарандык сектордун маалыматтары жана Кыргыз Республикасында 2025-жылдын Улуттук ыктыярдуу обзоруна катышуу"темасындагы семинардын алкагында болуп өттү.
 
"Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн биз ар кандай секторлордун, анын ичинде жарандык сектордун маалыматтарын интеграциялап, ТӨМдүн көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылышыбыз керек. Биз жарандык сектор жана бейөкмөт уюмдар менен өнөктөштүк натыйжалуу статистикалык системаны түзүүдө негизги элемент болоруна ишенебиз", — деп белгиледи Төрага Бактыбек Кудайбергенов.
 
Экинчи улуттук ыктыярдуу серепти даярдоонун алкагында Улутстатком Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ТӨМдүн көрсөткүчтөрүн кайрадан инвентаризациялады жана көрсөткүчтөрдүн улуттук топтомун жаңылады. Бүгүнкү күндө улуттук топтом 217 көрсөткүчтү камтыйт, алардын 150үн Улутстатком, 41ин министрликтер жана ведомстволор, 26сын эл аралык уюмдар көзөмөлдөйт.
 
Төрага Бактыбек Кудайбергенов да белгилегендей, Улутстатком сапаттуу статистиканы өндүрүүдө алардын потенциалын жогорулатуу үчүн жарандык коом уюмдарына ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.
 
Улуттук ыктыярдуу сереп – бул өлкөлөр максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруудагы прогрессти жана кемчиликтерди чогултуу жана баалоо процесси. Бул ТӨМдү улуттук жүзөгө ашыруунун катализатору жана координацияны жана жалпы мамлекеттик жана коомдук мамилени чыңдоо үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Ал ишке ашыруудагы прогресске мониторингди жана баалоону күчөтүп, кошумча жардамга муктаж болгон аймактарды аныктай алат. Ошондой эле ал 2030-жылдын күн тартиби жана ТӨМдү ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн жана коомдун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн күчтүү байланыш куралы болушу мүмкүн.
 
Улуттук ыктыярдуу сереп жогорку деңгээлдеги саясий форумда сунушталат. Кыргызстан быйыл өзүнүн улуттук ыктыярдуу серепин сунуштайт, ал ушул форумда талкууланат.

Акыркы жаңылоо: 19.03.2025, 14:01