Улутстаткомдун төрагасы Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси менен статистика тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады

Басылмалардын датасы: 23.01.2026


 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Жапарович Кудайбергеновдун Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө статистика тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Тактап айтканда, өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу аркылуу статистиканы өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү маселелери каралды. 

Б.Ж. Кудайбергенов Улутстатком Туруктуу өнүктүрүү максаттары жана башка багыттар боюнча Улуу Британиянын статистикасы менен узак мөөнөттүү жана жемиштүү мамиледе экенин баса белгиледи. Өз кезегинде, Улутстатком маалыматтык технологияларды колдонуу, расмий маалыматтарды иштеп чыгуунун натыйжалуу ыкмалары, бизнес-процесстерди оптималдаштыруу, административдик маалыматтарды колдонуу, электрондук коммерция жана туризм статистикасын жүргүзүү, ошондой эле улуттук эсептер тутумун өркүндөтүү боюнча Улуу Британиянын статистикалык тажрыйбасын алууга кызыкдар экендигин билдирди.


Акыркы жаңылоо: 23.01.2026, 11:01