Премьер-министр министрге адилеттүү эскертүү жасады
Басылмалардын датасы: 02.08.2016
Өткөн жума күнү Экономика министри А. Кожошев: “Улутстаткомдун товар айландыруу боюнча маалыматы чындыкка туура келбейт. Мисалы, мен Петербургда болгонумда, биздин статистиканын туура эмес экендиги жөнүндө айтышты”,- деп белгилегенин эсиңиздерге салабыз.
Буга байланыштуу Улутстатком түшүндүрмө берет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети сырткы соода айландыруу боюнча маалыматтарды эсептөөнү Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин сырткы соодалашуунун Бажы статистикасын жана өз ара соодалашунун статистикасын жүргүзүүдөгү бирдиктүү методологиясын колдонот.
Ошол эле убакта, маалыматтар чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана физикалык жактар) статистика органдарына тапшырган мамлекеттик отчеттуулуктун формаларынын көрсөткүчтөрүнүн, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы чек ара аркылуу товарларды өткөрүп жаткан физикалык жаактарды тандап алып текшерүүлөрдүн жыйынтыктоочу маалыматтарынын, ошондой эле, жүк ташуучу бажы декларацияларынын маалымат базасынын (ЖБД) негизинде түзүлөт.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара соодалашуунун маалыматтарына эки тараптуу салыштырууларды жүргүзүүнүн планынын алкагында, маалыматтардын айырмаларын ачыкка чыгаруу максатында бардык ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча салыштыруулар жүргүзүлгөн.
Улутстаткомдун карамагында эсептөөлөрдүн методологиялары, маалыматтарды түзүүнүн булактары жана мамлекеттер аралык салыштыруулар бар.
Премьер-министр С. Жээнбеков министрге: “Эмне үчүн биз Россиянын статистикасына ишенүүгө тийишпиз? Сиз биздин статистикабызды туура эмес, деп айтуу менен Улутстаткомдун ишин жокко чыгарып жатасыз. Бул айтканыңыз туура эмес. Эгерде статистика туура эмес болсо, кайсы жерде так эместик бар экенин көрсөтүп, аны кантип оңдоо керек экендигин айтууга тийишсиз”,- деген эскертүүсүн адилеттүү деп эсептейбиз.
КР “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине (“Мамлекеттик статистиканы жүргүзүү”) ылайык:
“Мамлекеттик статистика иши кесиптик көз карандысыздык жана өз алдынча иштөө принциптерине таянып, мамлекеттик статистика органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана алардын компетенциясына тиешелүү болгон милдеттерге ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, жарандардын коомдук бирикмелеринин, кызмат адамдарынын жана дагы башка адамдардын мамлекеттик статистикалык ишке кийлигишүүсүнө жол берилбейт”.
Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө, айтылган мисалда - статистика органдарына жана аткаруу бийлигине карата негизсиз ишенбөөчүлүктүн пайда болушуна жол бербеш үчүн, саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын, өкмөт мүчөлөрүнүн айткан сөздөрү негиздүү жана аргументтелген болууга тийиш.
