ПРЕСС-АНОНС. 2024-жылдын январь-июлундагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 08.08.2024


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2024-жылдын январь - июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүп, андан тышкары 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  маалымат беришет.

 

Өтө турган убактысы: 2024-жылдын 9-августа, башталышы саат 15.00до

Өтө турган жери:    Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,                                            Фрунзе көчөсү 374, Пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Жумалиев Зайнидин Калидинович - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;

  • Кудакеева Анара Ашимовна - статистикалык каттоолор жана геомаалыматтык тутумдар бөлүмүнүн бөлүм башчысы.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун Басма сөз катчысы Анарбекова Альмирага кайрылыңыздар: тел.: 66-40-38, уюлдук тел.:996 503 757 520

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 08.08.2024, 19:21