ПРЕСС-АНОНС: 2024-жылдын январь-апрель айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 10.05.2024


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2024-жылдын январь-апрель айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүшүп, 2023-жылдагы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын (БэФКУ) ишмердигинин көрсөткүчтөрү жөнүндө айтып беришет.

Өтө турган убактысы:       2024-жылдын 11-май, башталышы саат 14:00

Өтө турган жери:    Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Абдукадирова Малика Азимовна – Финансы статистикасы бөлүмүнүн башчысы;

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун төрагасанын кеңешчисине кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(551) 44-32-11 Шеримбекова Жылдыз

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Акыркы жаңылоо: 10.05.2024, 16:15