ПРЕСС-АНОНС: 2023-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 07.07.2023


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын январь–июнундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүшөт, Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын эсепке алуунун жана 2023-жылдын түшүмү үчүн айдоо жерлерин пайдалануунун жыйынтыктары, ошондой эле 2022-жылдагы байланыш кызматтары жөнүндө маалымат беришет.

Өтө турган убактысы: 2023-жылдын 11- июльда, башталышы саат 10:00

Өтө турган жериУлуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Мурсабекова Гүлзейнеп Турдубековна - айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Текеева Люксина Айгуфовна – керектөө рыногу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгынын начальниги.

 

Кененирээк маалымат алуу үчүн, ошондой эле интервьюну уюштуруу маселелери боюнча (зарылдыгын көрсөтүү керек) Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc@stat.kg дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Акыркы жаңылоо: 07.07.2023, 13:04