ПРЕСС-АНОНС: 2023-жылдын январь-мартындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 10.04.2023


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2023-жылдын январь-март айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүшүп, 2022-жылдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү жөнүндө маалымдайт, 2023-жылдагы керектөө бааларынын жана тарифтердин өзгөрүшү жөнүндө  айтып беришет.

                  Өтө турган убактысы:      2023-жылдын 11-апрели, башталышы саат 10:00

                  Өтө турган жери:    Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Жумалиев Зайнидин Калидинович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Бирюкова Виктория Ивановна – Курулуш жана инвестиция статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Нурбаева Айнура Табылгановна – баалардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Акыркы жаңылоо: 11.04.2023, 08:31