ПРЕСС-АНОНС: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын январь-февраль айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 13.03.2026


Ай сайын, айдын биринчи он күндүгүндө, Улуттук статистика комитети коомчулукту республиканын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымдоо максатында пресс-конференция өткөрөт. Анын негизги максаты — мамлекеттик башкаруу органдары, массалык маалымат каражаттары, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар пайдаланган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу. 
Алдыда боло турган жолугушууда Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын январь–февраль айларындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле Кыргыз Республикасында өткөрүлө турган айыл чарба каттоосуна даярдык иштеринин жүрүшү жөнүндө маалыматтар сунушталат.

 

Дата: 13-март 2026-ж

Убактысы: 16:00 саатта

Түз эфир: Улуттук статистика комитетинин расмий Facebook баракчасында түз эфирде көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/statatistics.kg/?locale=ru_RU 

Өткөрүлө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы,

Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 374, пресс-борбор (1-кабат).

 

Баяндамачылар:

  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна — айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Орозбаев Бактыбек Бирикович — статистикалык каттоолор жана геомаалыматтык системалар бөлүмүнүн башкы адиси.

 

Кененирээк маалымат алуу үчүн, ошондой эле интервью уюштуруу маселелери боюнча (зарыл болгон учурда) Улуттук статистика комитетинин пресс-кызматына кайрылсаңыздар болот: тел.: 62-56-62, пресс-секретарь — 0990 900 933,
e-mail: statistica.kg@gmail.com. Катышууну тастыктоо үчүн (зарыл болгон учурда) төмөнкү электрондук дарекке жазсаңыздар болот: e-mail: statistica.kg@gmail.com.

Интервью уюштуруу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн: e-mail: smi_nsc@stat.kg

Дареги: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.gov.kg

Facebook

Instagram

Telegram

тел. 0 (312) 664038

 

 


Акыркы жаңылоо: 13.03.2026, 14:03