Басылмалардын датасы: 09.11.2024
Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында маалымат-жыйын өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2024-жылдын январь - сентябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүп, андан тышкары 9 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө маалымат беришет.
Өтө турган убактысы: 2024-жылдын 11-октябрында, башталышы саат 14:00до
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
Баяндамачылар:
-
Шокенов Бакытбек Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
-
Сулайманова Гульсара Назарбековна – тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
-
Мамбеталиев Тимур Айтбекович – туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын начальниги.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун Басма сөз кызматына: тел.: 66-40-38, уюлдук тел.:996 503 757 520