Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2016-жалдын январь-апрель айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция болуп өттү

Басылмалардын датасы: 13.05.2016


Бүгүн, 2016-жылдын 13-майында Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-апрель айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева маалымдагандай ички дүң продукт ушул жылдын январь-апрелинде алдын-ала баалоо боюнча 108 миллиард сомдон көптү түздү жана өткөн жылдын январь-апрелине салыштырганда 4,9 пайызга төмөндөдү. Муну менен бирге ИДПнын төмөндөшүнө өнөр жайдагы жана транспорттогу көлөмдөрдүн кыскарышы таасир этти.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ички дүң продуктунун көлөмү 2016-жылдын январында 101 миллиард сомго жакынды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинде болду.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2016-жылдын январь-апрелинде 50 миллиард сомдон көбүн түздү жана мурунку жылга салыштырганда 26,9 пайызга төмөндөдү. Олуттуу өлчөмдө өнөр жай өндүрүшүнүн түшүүсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн жана текстиль өндүрүшүнүн кыскарышы менен шартталды.

Керектөө баалардын жана тарифтердин деңгээли 2016-жылдын апрелинде өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча 1,9 пайызга төмөндөдү.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын инвестиция статистикасы бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова пресс-конференциянын катышуучуларына 2015-жылы мурунку жылга салыштырмалуу республиканын экономикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүүлөрү дээрлик 13 пайызга көбөйгөнүн маалымдады. Муну менен бирге эгерде КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн түшүүлөрдүн көлөмү 0,3 пайызга төмөндөсө, анда КМШ өлкөлөрүнөн түшүүлөр тескерисинче, 2 эсеге көбөйдү. 2014-жылдагыдай эле инвестиция салуу үчүн экономикалык ишмердиктин эң эле артыкчылыктуу түрү геологиялык чалгындоо ишмердиги, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү, иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), ошондой эле курулуш болуп эсептелди.

Финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Эльнура Абельдиева өз сөзүндө 2015-жылы калкты микронасыялоо менен республикада төрт ири микронасыя уюмдары иштешкенин, алардын үлүшүнө берилген микронасыялардын 61 пайызы жана алуучулардын 70 пайыздан көбү, ошондой эле 143 насыялык бирликтер жана 217 микронасыялык уюмдар жана агенттиктер туура келгенин белгиледи. Микронасыялардын жалпы көлөмүнүн 44 пайызынан көбү айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилген, 20 пайызы керектөө насыяларына туура келди.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Динара Сооромбаева 2015-жылдагы республикадагы саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө маалымат берди, мунун менен бирге катталган оорулардын жалпы санынын эң көп үлүшү дем алуу органдарынын, тамак сиңирүү органдарынын, жыныс органдарынын ооруларына, жугуштуу жана мите ооруларына, жаракаттарга жана ууланууларга туура келгенин маалымдады. Бирок өлгөндөрдүн жарымынан көбүнө кан айлануу системасынын оорулары туура келди. Өлгөндөрдүн себептеринин түзүмүндөгү экинчи оору оорулуулардын саны жыл сайын көбөйүп жаткан залалдуу шишик оорулары болуп саналды.


 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы
т.: + 996 (312) 625 559, 625 662
ф: + 996 (312) 660 138
моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128
e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Расмий сайт: www.stat.kg;
Дареги: Фрунзе к. 374, (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)


Акыркы жаңылоо: 13.05.2016, 11:24