Экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасы 2 эсеге өстү

Басылмалардын датасы: 22.08.2025


2025-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 554 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 514 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 18 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү. Аларда иштегендердин саны 30 миң адамдан ашты.
 
Финансы секторундагы уюмдардын кардарларынын базасы өткөн жылдын ушул эле күнүндөгү кардарлардын санына салыштырмалуу дээрлик 5 миллион эсепке көбөйүп, 2025-жылдын июнь айынын аягына карата 19,6 миллиондон түздү. Анын кеңейиши негизинен мобилдик банкинг системасына кошулган банктардын кардарларынын санынын, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалды.
 
2025-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 44%га көбөйүү менен 104 млрд. сомду ашты, бул Улуттук банк (3,5 эсеге) жана коммерциялык банктардын (21%га) кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.
 
I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунун ишканаларынын
  ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү
  (млн. сом)
 
  Кирешелер Жалпы чыгымдар Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык
2024 2025 2024 2025 2024 2025
Бардыгы  72 438,3 104 036,3 53 986,1 65 154,5 18 429,1 38 882,7
Банктар 61 936,3 90 151,8 46 425,0 54 637,6 15 488,7 35 518,8
Күрөөканалар 959,4 827,1 411,5 346,8 547,8 478,7
Кредиттик союздар 111,0 102,6 91,7 79,4 19,4 23,2
Микрокредиттик уюмдар 6 979,8 8 303,1 4 960,0 6 189,9 2 019,4 2 111,0
Камсыздандыруу уюмдар 2 427,4 4 629,5 2 083,4 3 885,0 344,0 744,6
Башка уюмдар 24,4 22,2 14,5 15,8 9,8 6,4

 

2025-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 60%ы ашыгы пайда алышты, ал эми 15%ы - чыгаша тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык дээрлик 39 млрд. сом пайда суммасында жетти, бул 2024-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2 эсеге (же 20,5 млрд. сомго) көп. Негизинен пайданын өсүшү Улуттук банк, коммерциялык банктар жана микрокредиттик уюмдар тарабынан камсыздалды.

2025-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 476 миллиарддан ашык сомду түздү. Кредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 87,6% банк секторуна, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна – 12,4% туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары керектөө муктаждыктары (жалпы көлөмүнүн 34%), соода чөйрөсү (24%), айыл чарба (13% жакын) жана ипотека (10,3%) болуп саналды.

______________________________________________________________________________________

Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073,625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 22.08.2025, 15:58