Кыргызстандын калкынын саны өсүүдө
Басылмалардын датасы: 12.08.2016
Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2016-жылдын 1-июлуна карата баалоо боюнча 6 млн. 78 миң адамды түзүп, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында 58 миң адамга, же 1 пайызга көбөйдү. 2012-жылдан тартып калктын эмиграциясынын олуттуу кыскаргандыгына байланыштуу өлкөдөгү калктын санынын мындай бийик өсүшү сакталууда.
Калктын санынын өсүшүнүн көрсөткүчү Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында республикалык көрсөткүчтөн бир нече (1,1 пайызга) жогору.
Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү
e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; тел. + 996 (312) 325336.
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).
