Экономиканын финансы секторунун кардарларынын санынын өсүүсү уланууда

Басылмалардын датасы: 24.05.2024


2024-жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 606 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 340 күрөөкана, 136 микрокредиттик уюм, 89 кредиттик бирикме, 16 камсыздандыруу компаниясы жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.

2024-жылдын январь-март айларында финансы секторунун уюмдарынын кирешелери 33 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 11%га көбөйдү, бул негизинен коммерциялык банктардын жана микрокредиттик уюмдардын кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды.

I кварталындагы экономиканын финансы секторунун уюмдарынын ишмердигинин көрсөткүчтөрү
(млн. сом)

 

Кирешелер

Чыгымдар

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык

2023

2024

2023

2024

2023

2024

Бардыгы

30 206,7

33 602,2

18 566,1

25 940,6

11 640,2

7 657,0

Банктар

26 383,8

28 707,6

15 850,4

22 423,2

10 532,8

6 283,5

Күрөөканалар

422,6

534,0

265,6

254,1

156,9

276,5

Кредиттик бирикмелер

48,9

53,2

38,1

43,9

10,8

9,3

Микрокредиттик уюмдар

2 484,9

3 404,9

1 730,2

2 368,3

755,0

1 036,3

Камсыздандыруу уюмдар

854,3

890,2

673,7

843,7

180,7

46,5

Башка уюмдар

12,2

12,3

8,1

7,4

4,0

4,9

2024-жылдын январь-март айларында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 62%га жакынын түздү, ал эми уюмдардын 15,5%ы чыгым тартты.

2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 7,7 млрд. сом өлчөмүндө сальдолоштурулган пайда алынды, анын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен үчтөн биринен көп азайды.

Финансы секторундагы уюмдардын кардарларынын базасы өткөн жылдын ушул эле күнүндөгү кардарлардын санына салыштырмалуу дээрлик 3 миллионго көбөйүп, 2024-жылдын март айынын аягына карата дээрлик 13 миллионго жетти. Анын көбөйүшү негизинен мобилдик банкинг системасына кошулган банктардын кардарларынын санынын, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалды.

I кварталдагы финансы секторунун уюмдарынын кардарларынын саны 
(млрд. сом)

Финансы секторунун жалпыланган кредиттик портфели 2024-жылдын I кварталынын аягына карата 306 млрд. сомдон ашты, мында анын көлөмүнүн 85%дан ашыгы банктык кредиттөөгө туура келди.

Финансы секторунун кредиттик портфелинин тармактык түзүмүндө мурдагыдай эле соода чөйрөсүндө (жалпы көлөмдүн 26%ы), керектөөчүлүк кредиттөөдө (25,3%ы), айыл чарбасында (16,4%) жана ипотекалык максаттарда (10,5%ы) кредиттердин жогорку топтолушу байкалды.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 24.05.2024, 16:28