2022-жылдагы электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү

Басылмалардын датасы: 07.09.2023


2022-жылы жалпы республика боюнча энергетика тармагынын ишканалары тарабынан 13,9 млрд. кВт. саат электр энергиясы өндүрүлдү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,3%га аз. Мында анын көлөмүнүн 86%га жакыны гидроэлектростанциялар тарабынан өндүрүлдү.

2022-жылдагы электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү 

 

            Млн. кВт. саат

2022-жыл 2021-жылга

карата пайыз менен

 

                 2021

2022

Өндүрүлгөн электр энергиясы

15 138,0

13 882,5

91,7

Республиканын чегинен тышкары жактан алынган  (анын ичинде толуп кетүү)

1 682,8

2 806,4

166,8

Керектелген электр энергиясы – бардыгы

16 274,6

16 138,9

99,2

жалпы көлөмдүн ичинен:

 

 

 

өнөр жай (анын ичинде коммуналдык кызматтарга жана калкка электр энергиясын бөлүштүрүү)

7 940,6

7 971,3

100,4

айыл чарбасы (анын ичинде калктын тиричилик  керектөөлөрүнө электр энергиясын бөлүштүрүү)

3 396,0

3 323,2

97,9

башка тармактар

2 510,4

2 455,9

97,8

жалпы жоготуулар

2 427,6

2 388,5

98,4

Республиканын чегинен тышкары чыгарылган

546,2

550,0

100,7

2022-жылы 16,1 млрд. кВт. саат электр энергиясы керектелген.  550,0  млн. кВт. саат электр энергиясы республиканын чегинен тышкары чыгарылган (экспорттолгон), бул 2021-жылга караганда 0,7%га көп.

Керектелген электр энергиясынын жалпы суммасынын 132 млн. кВт. саатка жакыны жеке өндүрүштүк жана чарбалык муктаждыктарга жумшалган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 9%га аз.

Муну менен катар, 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу өнөр жайда (электр энергиясын тиричилик муктаждыктарына жана калкка бөлүштүрүүнү кошкондо) – 0,4%га, курулушта– 5,5%га жана билим берүү чөйрөсүндө 1,7%га  электр энергиясын керектөө көбөйдү.

Муну менен бирге айыл чарбасында (анын ичинде калктын тиричилик муктаждыктарына электр энергиясын бөлүштүрүү) электр энергиясын керектөө 2,1%га, ошондой эле мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги чөйрөсүндө электр энергиясын керектөө 3,7%га төмөндөдү.

2022 -жылы электр энергиясынын жалпы жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт. саатты түздү.

2022-жылы пайдалуу берилген электр энергиясынын көлөмүнүн жарымынан көбү (57%ы) өнөр жайдын үлүшүнө (электр энергиясын коммуналдык-тиричиликтик керектөөлөргө жана калкка бөлүштүрүүнү кошкондо), 25,0%ы - айыл чарбасына (анын ичинде электр энергиясын калктын тиричилик керектөөлөрүнө бөлүштүрүү) туура келди, ал эми башка тармактардын жалпы көлөмдөгү үлүшү 18%ды түздү.

 

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү |  эл. почта: a.mamanova @ stat.kg; |   тел. + 996 (312) 66-40-44

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метадайындарды колдонууда колдонуучулар өз булактарына шилтеме кылууга милдеттүү (Расмий статистика жөнүндө мыйзамдын 30 -ст.).

 


Акыркы жаңылоо: 11.09.2023, 15:10