2025-жылдын II кварталындагы жашоо минимуму

Басылмалардын датасы: 23.07.2025


2025-жылдын II кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 769,94 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 7,7 пайызга өстү. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында II кварталда жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшү белгиленди. 
 
 II кварталдагы аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен адам башына, айына сом менен)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк баштыгынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.
 
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орточо эсеп менен адам башына, айына сом менен)
 
II квартал
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен
2024
2025
Бардыгы
8 144,34
8 769,94
107,7
Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк
9 124,70
9 831,25
107,7
 анын ичинен:
 
 
 
   эркектер
9 323,42
10 095,18
108,3
   аялдар
9 054,65
9 797,25
108,2
Пенсионерлер
7 251,76
7 774,84
107,2
Балдар
6 892,95
7 421,23
107,7
 анын ичинен, жашы:
 
 
 
   0дөн 7ге чейинки
6 106,76
6 579,45
107,7
 7ден 14кө чейинки
7 163,60
7 689,02
107,3
 14 -17
7 827,06
8 474,06
108,3

___________________________________________________________________________________

Үй чарба статистикасы башкармалыгы    e-mail: ykalymbetova@stat.kg; тел. + 996 (312)  324655
 
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
 

Акыркы жаңылоо: 23.07.2025, 16:14