2022-жылдын III кварталындагы жашоо минимуму
Басылмалардын датасы: 14.10.2022
2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимумунун жалпы республика боюнча 7 242,09 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13,5 пайызга өстү. Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн өсүшү бардык региондордо белгиленди. Анын эң жогорку нарктык чоңдугу Жалал-Абад облусунда – 7 495 сомду түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн 10,8 пайызга жогорулады, ал эми эң төмөнкүсү – Талас облусунда 6 584 сом өлчөмүндө түзүлүп, орточо республикалык деңгээлден 12,5 пайызга төмөн болду.
III кварталдагы аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен адам башына, айына сом менен)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орточо эсеп менен адам башына, айына сом менен)
|
III квартал |
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен |
|
---|---|---|---|
2021 |
2022 |
||
Бардыгы |
6 382,69 |
7 242,09 |
113,5 |
Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк |
7 176,05 |
8 100,85 |
112,9 |
анын ичинен: |
|
|
|
эркектер |
7 352,61 |
8 282,30 |
112,6 |
аялдар |
7 118,35 |
8 027,61 |
112,8 |
Пенсионерлер |
5 683,09 |
6 447,23 |
113,4 |
Балдар |
5 368,77 |
6 149,98 |
114,6 |
анын ичинен, жашы: |
|
|
|
0дөн 7ге чейинки |
4 738,69 |
5 463,41 |
115,3 |
7ден 14кө чейинки |
5 588,76 |
6 374,01 |
114,1 |
14 -17 |
6 118,09 |
6 988,66 |
114,2 |
____________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана- чөйрө статистикасы
башкармалыгынын үй чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: nkerimalieva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324691
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).