2021-жылдын IV кварталында жашоо минимуму
Басылмалардын датасы: 18.01.2022
2021-жылдын IV кварталында жашоо минимуму
2021-жылдын IV кварталында орточо калктын киши башына жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 6 518,03 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17,2 пайызга өстү.
IV кварталда Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр- 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орточо киши башына, айына сом менен)
|
IV квартал |
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен |
|
---|---|---|---|
2020 |
2021 |
||
Бардыгы |
5 562,68 |
6 518,03 |
117,2 |
Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк |
6 237,52 |
7 311,16 |
117,2 |
анын ичинен: |
|
|
|
эркектер |
6 380,75 |
7 490,42 |
117,4 |
аялдар |
6 185,69 |
7 261,28 |
117,4 |
Пенсионерлер |
4 953,91 |
5 807,53 |
117,2 |
Балдар |
4 701,18 |
5 504,74 |
117,1 |
анын ичинен, жашы: |
|
|
|
0дөн 7ге чейинки |
4 171,28 |
4 889,00 |
117,2 |
7ден 14кө чейинки |
4 878,44 |
5 707,11 |
117,0 |
14 -17 |
5 340,24 |
6 249,74 |
117,0 |
_________________________
Үй чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).