Айыл чарба каттоосу жөнүндө маанилүү фактылар

Басылмалардын датасы: 25.03.2026


• Каттоо 20 жылдан ашык убакыттан кийин өтүүдө
Акыркы айыл чарба каттоосу 2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн. Бул аралыкта агрардык сектор олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Жаңы каттоо узак убакыттан кийин тармактагы абалды толук жана актуалдуу чагылдырууга мүмкүндүк берет.

• Эл аралык стандарттар жана маалыматтарды салыштыруу мүмкүнчүлүгү
Айыл чарба каттоосу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун сунуштарына ылайык жүргүзүлөт. Мындай каттоолор дүйнө жүзүндө ар 10 жыл сайын өткөрүлүп, өлкөлөр ортосунда маалыматтарды салыштырууга жана глобалдык тенденцияларды байкоого шарт түзөт.

• Айыл чарбанын өлкө экономикасына кошкон салымы.
Айыл чарбанын ички дүң продукциядагы үлүшү 9 пайызды түзөт.

• Айыл чарба тармагында канча адам иштейт?
Агрардык сектордо өлкөнүн эмгекке жөндөмдүү калкынын 16 пайызды иш менен камсыз болгон.

• Санариптик технологиялар – тактык жана ылдамдык
Айыл чарба каттоосу кеңири түрдө санариптик чечимдерди колдонуу менен жүргүзүлөт:

  • мобилдик телефондордогу электрондук сурооломолор;
  • маалыматтарды корголгон каналдар аркылуу Улуттук статистика комитетинин серверине автоматтык түрдө жөнөтүү;
  • адам факторунун таасирин азайтуу.

Бул маалыматтардын сапатын жогорулатууга жана аларды иштетүү ылдамдыгын арттырууга мүмкүндүк берет.

Маанилүү: бардык чогултулган маалыматтар купуя сакталат жана жалпыланган түрдө гана колдонулат.
Айыл чарба каттоосу – айыл чарбаны жана өлкө экономикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи.

 


Акыркы жаңылоо: 25.03.2026, 23:32