Айыл чарба каттоосунун бешинчи күнү: Улуттук статистика комитетинин төрагасы Ош облусундагы иштердин жүрүшүн текшерди

Басылмалардын датасы: 24.03.2026


Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов иш сапарынын алкагында Ош облусуна барып, Ош шаарын, ошондой эле Кара-Суу жана Өзгөн райондорун кыдырып, айыл чарба каттоосунун жүргүзүлүшүн көзөмөлдөдү.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен жолугушуу болуп, анда уюштуруу иштерин камсыз кылуу жана координация маселелери талкууланды. Өзгөн районунда акимдин орун басары Иманказы Абдраев менен жумушчу жолугушуу өтүп, каттоо кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү жана каттоону жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү маселелери каралды.

Аймактык статистика органдарынын жетекчилери, каттоочулар жана координаторлор менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жыйналган маалыматтардын сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына, ошондой эле маалыматтын толуктугуна жана ишенимдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Эске салсак, айыл чарба каттоосу 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин жүргүзүлөт.

 

 


Акыркы жаңылоо: 24.03.2026, 18:56