Баалардын жана тарифтердин жогорулашы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө байкалган

Басылмалардын датасы: 16.10.2025


      Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Кыргыз Республикасында баанын өсүшү (0,4 пайызга) белгиленди.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү-)

  Сентябрь үстүбүздөгү жылдын августуна карата  Сентябрь өткөн жылдын декабрына карата Сентябрдагы өсүүнүн (төмөндөшү) орточо айлык темптери 
2024 2025 2024 2025 2024 2025
Армения 0,2 0,3 -1,1 1,1 -0,1 0,1
Беларусь 0,4 0,5 3,8 5,8 0,4 0,6
Казакстан 0,4 1,1 5,7 10,0 0,6 1,1
Кыргызстан 1,4 0,4 3,4 5,5 0,4 0,6
Россия 0,5 0,3 5,8 4,3 0,6 0,5

 

2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 пайыз) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (8,0 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,9 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

                         2025-жылдын сентябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли

(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү-)

  Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр анын ичинде:
азык-түлүк товарлар1 азык-түлүк эмес товарлар кызмат көрсөтүүлөр
  Мурунку айга карата
Армения 0,3 0,3 0,4 0,4
Беларусь 0,5 0,5 0,2 0,6
Казакстан 1,1 0,9 1,5 1,0
Кыргызстан 0,4 -0,3 0,4 3,1
Россия 0,3 0,0 0,6 0,5
  Былтыркы жылдын декабырына карата
Армения 1,1 0,0 0,0 3,3
Беларусь 5,8 6,9 2,9 7,6
Казакстан 10,0 9,9 8,0 11,9
Кыргызстан 5,5 6,2 3,3 6,3
Россия 4,3 3,0 1,8 9,2
1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705  |

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 16.10.2025, 11:50