Калкка көрсөтүлөгөн кызматтардын тарифтери дээрлик 4 пайызга жогорулады
Басылмалардын датасы: 11.06.2021
Үстүбүздөгү жылдын январь-майында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу, жалпы республика боюнча калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү тарифтери дээрлик 4 пайызга жогорулады. Ушул мезгил ичинде баалардын жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары - дээрлик 14 пайызга, анын ичинде аба жол жүргүнчү транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүндө - 2,7 эсеге, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөрдө - 6,8 пайызга, бут кийим оңдоодо - 4,3 пайызга, кийим тигүүдө - 4,1 пайызга, турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоодо - 3,4 пайызга жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө - 0,5 пайызга эң чоң өсүшү катталды.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым топторуна жана түрлөрүнө керектөө
тарифтеринин индекстери
(пайыз менен)
|
2021 май |
2021 январь-май |
||
---|---|---|---|---|
2020 апрелине карата |
2020 декабрына карата |
2020 майына карата |
2020 январь-майына карата |
|
Кызмат көрсөтүүлөр |
100,2 |
101,1 |
104,1 |
103,6 |
Жүргүнчү транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү |
100,5 |
102,1 |
114,9 |
113,7 |
Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү |
100,0 |
100,0 |
100,3 |
100,3 |
Маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча |
100,0 |
100,6 |
100,5 |
100,5 |
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү |
100,4 |
100,5 |
101,6 |
101,2 |
Амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр |
100,1 |
103,3 |
108,6 |
106,8 |
Мейманкана жана ресторандардын |
100,3 |
100,8 |
101,6 |
101,4 |
Чачтарач кызмат көрсөтүүлөрү |
100,0 |
101,2 |
100,3 |
100,0 |
Турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоо |
100,3 |
105,7 |
106,5 |
103,4 |
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).