Экономиканын темптеринин төмөндөшү товарларды өндүрү көлөмүнүн тармактарынын кыскарылышы менен байланышкан.
Басылмалардын датасы: 12.08.2021
Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 1,6 пайызга төмөндөө менен 337 млрд. жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 306 млрд. жакын сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга көбөйгөн.
ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өнөр жайда жана курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9,1 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-июлуна 1,8 пайызга төмөндөѳ болгон). Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 5,0 пайызга көбөйдү (2020-жылдын январь-июлунда 9,7 пайызга төмөндөѳ болгон).
Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (47,8 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка көбөйдү, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 4,3 пайыздык пунктка кыскарды жана 37,5 пайызды түздү. ИДП түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 20,9 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 5,0 пайызга жана 1,3 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда дүң жана чекене соода автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоолордун үлүшү, тескерисинче, 14,8 пайызды түзүү менен 1,3 пайыздык пунктка көбөйдү.
2021-жылдын январь-июлунда экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
2020 |
2021 |
|||
ИДП |
336 827,3 |
98,4 |
100,0 |
100,0 |
Товар өндүрүү тармактары |
126 454,0 |
90,9 |
41,8 |
37,5 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана |
39 133,5 |
96,6 |
11,3 |
11,6 |
балык уулоочулук |
||||
Өнөр жай |
70 477,6 |
88,4 |
24,2 |
20,9 |
Пайдалуу кендерди казуу |
7 590,5 |
105,3 |
1,8 |
2,3 |
Иштетүү өндүрүшү |
||||
(Иштетүү өнөр жайы) |
53 315,6 |
83,9 |
19,6 |
15,8 |
Электр энергия, газ, буу жана |
||||
кондицияланган аба менен камсыздоо |
||||
(жабдуу) |
8 490,2 |
106,2 |
2,6 |
2,5 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, |
1 081,3 |
137,2 |
0,2 |
0,3 |
калдыктарды иштетүү жана кайра |
||||
пайдалануучу чийки затты алуу |
||||
Курулуш |
16 842,9 |
90,3 |
6,3 |
5,0 |
Кызмат көрсөтүү тармактары |
160 943,8 |
105,0 |
47,4 |
47,8 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды |
49 578,4 |
110,4 |
13,5 |
14,8 |
жана мотоциклдерди оңдоо |
||||
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү |
12 533,8 |
123,7 |
2,9 |
3,7 |
сактоо |
||||
Мейманканалар менен ресторандардын |
2 663,0 |
101,3 |
0,8 |
0,8 |
ишмердиги |
||||
Маалымат жана байланыш |
10 188,8 |
105,0 |
3,3 |
3,0 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
85 979,8 |
100,5 |
26,9 |
25,5 |
Продуктуларга таза (субсидияларды |
||||
эсептебегенде) салыктар |
49 429,5 |
98,4 |
10,8 |
14,7 |
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).