Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмүнүн төмөндөшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 29.08.2016


2016-жылдын январь-июнунда тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2015-ж. январь-июнуна салыштырмалуу 1,5 эсе  кыскарып, 342 млн. долларды түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (дээрлик 88 пайызы) финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына, геологиялык чалгындоого, ошондой эле иштетүү өндүрүш ишканаларына багытталды. Муну менен бирге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү 4,9 эсеге көбөйдү, ал эми геологиялык чалгындоого –2,1 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына - 3,1 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн ичинен негизги инвестор – түшүү көлөмү 8,1 эсеге өскөн Кытай болуп эсептелди. Муну менен катар, Улуу Британиядан, Канададан жана Туркиядан тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы олуттуу кыскарды, бул жалпысынан КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген түшүүлөрдөн 2,6 эсеге төмөндөшүн шарттады.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 1,8 эсеге өскөн, мында Россия (түшүү көлөмү 2,2 эсеге өскөн) жана Казакстан (түшүү көлөмү 3,8 эсеге өскөн) негизги инвесторлор болуп саналышты. Муну менен бирге, Беларустан келген түшүүлөрдүн көлөмү олуттуу кыскарды.

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын              |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 29.08.2016, 13:12