Камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны кыскарды
Басылмалардын датасы: 26.05.2022
2022-жылдын I кварталында республиканын экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүштү. Алардын кирешелери 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 29,8% көбөйдү жана 537,7 млн. сомду түздү. Муну менен бирге, кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 93% жакыны) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.
Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 1,5 эсеге көбөйдү жана 497,2 млн. сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 44% кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга жана 22% - ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга туура келди.
Үстүбүздөгү жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 40,5 млн. сом сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 43,4 млн. сомго аз.
2022-жылдын 1-апрелине карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 61 миңге жакын камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 17% аз. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 89% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 67% туура келди.
Камсыздандыруу түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны
(жалпы санына карата пайыз менен)
Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 8% көбөйүү менен 2022-жылдын 1-апрелине карата 273,7 млрд. сомду түздү. Жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу жана жеке туризм камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүшү белгиленди.
2022-жылдын I кварталында камсыздандыруу төгүмдөр 498,3 млн. сомдо келип түшкөн, бул өткөн жылдын январь-мартына караганда 1,5 эсеге көп.
Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 2 миңге жакын камсыздандыруу учурлар байкалды, алардын ичинен 56% жакыны ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасында 65% - ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 15% - жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.
_____________________________________________________
Каржы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 664209, 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).