Улутстаткомдун төрагасы БУУӨПтүн өкүлдөрү менен жолугушту

Басылмалардын датасы: 09.02.2023


Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары Моника Ризал айым жана башка жооптуу адамдар менен жолугушуусу болуп өттү.

Улутстаткомдун төрагасы өзүнүн саламдашуу сөзүндө ТӨМдүн мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүүдө БУУӨП менен кызматташуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле жашыл экономика принциптерин, энергияга жетүү жана энергетикалык коопсуздук маселелерин илгерилетүүдө статистикалык маалыматтарды колдонуунун жана бул көрсөткүчтөрдүн актуалдуулугун белгиледи.

Өз кезегинде БУУӨПтүн өкүлдөрү Улутстатком менен “Кыргыз Республикасында үй чарбаларынын энергетикалык чабалдыгы жана потенциалын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү” темасында Адамзаттын өнүгүү жөнүндө улуттук докладды (АӨУД) даярдоонун жүрүшүндө расмий статистикалык маалыматтарды пайдалануу жаатында кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилешти .


Акыркы жаңылоо: 09.02.2023, 16:06