2020-жылы өтө турган эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын төртүнчү жыйыны болуп өттү

Басылмалардын датасы: 05.11.2019


2019-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун төрагалыгы алдында 2020-жылы өтө турган эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын төртүнчү отуруму болуп өттү.

Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов катышуучуларга Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун календардык планынын аткарылышы жөнүндө  катышуучуларга маалымат берди. Бул календардык план боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары 2019-жылдын аягына чейин турак үйлөрдүн аталышын жана номерлерин табличка түрүндө илүү иштерин толук аякташы керектигин билдирди.  

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Кошой Исалиев Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого болгон даярдыктар боюнча иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө кыскача маалымдап, келе жаткан эл жана турак-жайды каттоодо маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу мобилдик тиркеменин жардамы менен өтөрүн белгилеп кетти. Ошону менен бирге жыйындын катышуучуларына 2019-жылдын ноябрь айында мобилдик тиркеме Ош шаарында тестирлөөдөн өтө турганы билдирилди.


Акыркы жаңылоо: 06.11.2019, 09:47