Айыл чарба каттоосунун башталышы: Улуттук статистика комитетинин төрагасы каттоочулардын ишин текшерип, калктын катышуусун баалады

Басылмалардын датасы: 20.03.2026


Айыл чарба каттоосунун биринчи күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Б. Кудайбергенов расмий ачылышка катышуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде каттоочулардын ишинин жүрүшү менен да таанышты.

Иш сапарынын алкагында ал бир катар калктуу пункттарды кыдырып, маалымат чогултуу процессин жеке көзү менен көрүп, каттоо кызматкерлеринин ишинин уюштурулушун баалап, ошондой эле каттоочулар жана жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Өзгөчө көңүл сурамжылоолордун сапатына жана жарандардын каттоого катышууга даярдыгына бурулду. Төраганын айтымында, жалпы калк жүргүзүлүп жаткан кампанияны түшүнүү менен кабыл алып, анын жыйынтыгына кызыгуу көрсөтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө ал каттоонун мамлекеттик саясатты натыйжалуу калыптандыруудагы, айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы маанисин да белгиледи.

«Айыл чарба каттоосу агрардык сектордун абалы тууралуу толук маалымат алууга мүмкүндүк берет. Анын ичинде жер пайдалануу, малдын саны, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн түзүмү жана колдонулган технологиялар боюнча маалыматтар камтылат. Бул маалыматтар мамлекеттик деңгээлде стратегиялык чечимдерди кабыл алууга негиз болот», — деп белгиледи ал.

Каттоо өлкөнүн бардык аймактарын камтып, үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин жүргүзүлөт. Ага атайын даярдалган каттоочулар тартылып, маалыматтарды заманбап санариптик шаймандарды колдонуу менен түздөн-түз сурамжылоо жолу аркылуу чогултушат.

Улуттук статистика комитети бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди жана үй чарбаларын каттоого активдүү катышууга жана так маалымат берүүгө чакырат. Бул жыйынтык статистиканын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Айыл чарба каттоосу эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун туруктуу өнүгүүсүнө карай маанилүү кадам болуп саналат.

 


Акыркы жаңылоо: 20.03.2026, 21:04