Кыргызстан менен Улуу Британиянын статистикалык ведомстволору кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты

Басылмалардын датасы: 10.02.2026


Үстүбүздөгү жылдын 2–6-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жетектеген делегациясы Улуу Британиянын Статистика кызматына иш сапары менен барды. Иш сапардын максаты улуттук статистикалык системаларды модернизациялоо, расмий статистиканы өнүктүрүү жана санариптештирүү шартында статистикалык маалыматтарга болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу тажрыйба алмашуу болду.

Иш сапардын алкагында мамлекеттик маалыматтарды башкаруу, статистикалык маалыматтарды өндүрүүчүлөр ортосунда функцияларды бөлүштүрүү жана статистикалык ишмердүүлүктү координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.  

Кыргыз делегациясы Улуу Британиянын улуттук статистикалык системасын куруу жана анын иштөө практикасы менен — стратегиялык пландоодон жана процесстерди стандартташтыруудан баштап, статистикалык өндүрүшкө процесстик ыкманы киргизүүгө чейин таанышты. Статистикалык бизнес-процесстерди эл аралык моделдерди — Статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн типтүү моделин (СМӨТМ/GSBPM) жана Статистикалык уюмдардын ишмердүүлүгүнүн типтүү моделин (СУИТМ/GAMSO) колдонуу менен оптималдаштыруунун практикалык тажрыйбасы, ошондой эле алардын статистикалык органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролу талкууланды.

Улуу Британиянын статистикалык кызматынын өкүлдөрү расмий статистикада административдик маалыматтарды колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Маалыматтарга жетүү, аларды интеграциялоо жана сапатын баалоо маселелери, ошондой эле маалыматтын альтернативдүү булактарын колдонууну кеңейтүү аркылуу респонденттерге болгон жүктөмдү азайтуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар ошондой эле актуалдуу методологиялык багыттарды, анын ичинде Улуттук эсептер тутумунун 2025-жылдагы жаңыланган версиясын (УЭТ-2025) киргизүүнү, электрондук соода жана туризм статистикасын өнүктүрүүнү, ошондой эле статистикалык маалыматтарды чогултууда, иштетүүдө жана жайылтууда санариптик инструменттерди колдонууну талкуулашты.

Үй чарбаларын тандап изилдөөлөрдүн сапатын камсыздоо, талаа иштерин уюштуруу, маалыматтарды контролдоо жана купуялуулук талаптарын сактоо менен аналитикалык жана изилдөө максаттары үчүн микромаалыматтарды коопсуз берүү маселелерине олуттуу көңүл бурулду.

Сапардын жыйынтыгы боюнча тараптар методологиялык тажрыйба алмашуунун, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн жана институционалдык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн, анын ичинде Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду даярдоонун жана ага кол коюунун маанилүүлүгүн белгилөө менен мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.


Акыркы жаңылоо: 10.02.2026, 11:59