Көмүр рыногунда учурдагы баалар. Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 31-октябрына кыскача обзор
Басылмалардын датасы: 01.11.2019
Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттарында 2019-жылдын 31-октябрына карата көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүш) орточо керектөө бааларына талдоо жүргүзүлдү.
Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган салыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү уюмдардын чыгымдарын камтыйт.
Үстүбүздөгү жылы 24-октябрдан 31-октябрга чейинки мезгил ичинде көмүрдүн республикадагы орточо баасы бир тонна үчүн 1,48 сомго төмөндөдү.
2019-жылдын 31-октябрына карата көмүрдүн максималдуу орточо керектөөчү баалары Баткен (бир тонна – 8246,21 сом), Кара-Суу (бир тонна – 8124,04 сом) жана Ноокат шаарларында (бир тонна – 7113,79 сом) катталды. Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна – 2500 сом), Нарын шаарында (бир тонна – 3549,65 сом) жана Балыкчы шаарында (бир тонна – 3694,59 сом) болду.
Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы Кербенде – тоннасы 398,94 сомго, же 9,3 пайызга, Баткенде – тоннасы 246,21 сомго, же 3,1 пайызга жана Таласта – тоннасы 200,26 сомго, же 4,2 пайызга жогорулады.
Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо чекене баалары
(бир тонна, сом)
|
2019-жылдын 24-октябрына |
2019-жылдын 31-октябрына |
Четтөө: өсүүсү (+), төмөндөөсү (-) |
Кыргыз Республикасы |
4498,80 |
4497,32 |
-1,48 |
Каракол ш. |
5556,98 |
5556,98 |
0,00 |
Балыкчы ш. |
3694,59 |
3694,59 |
0,00 |
Кербен ш. |
4300,00 |
4698,94 |
398,94 |
Токтогул ш. |
5283,78 |
5134,91 |
-148,87 |
Жалал- Абад ш. |
4932,42 |
4379,52 |
-552,91 |
Чаек а. |
2500,00 |
2500,00 |
0,00 |
Нарын ш. |
3646,92 |
3549,65 |
-97,27 |
Исфана ш. |
6086,87 |
6280,13 |
193,26 |
Баткен ш. |
8000,00 |
8246,21 |
246,21 |
Кара-Суу ш. |
8124,04 |
8124,04 |
0,00 |
Ноокат ш. |
7153,09 |
7113,79 |
-39,30 |
Өзгөн ш. |
4823,15 |
4672,33 |
-150,82 |
Покровка а. |
4200,00 |
4200,00 |
0,00 |
Талас ш. |
4799,74 |
5000,00 |
200,26 |
Кара-Балта ш. |
3900,00 |
3900,00 |
0,00 |
Токмок ш. |
4014,03 |
4020,31 |
6,28 |
Бишкек ш. |
3896,57 |
3979,55 |
82,98 |
Ош ш. |
5899,43 |
5729,67 |
-169,77 |
___________________________________________________________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндөгү" мыйзамдын 17-беренеси).