Мындан ары статистикалык басылмаларды QR-кодун колдонуу менен табууга болот

Басылмалардын датасы: 21.08.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети штрих-код (QR-код) символдорун пайдалануу менен статистикалык басылмаларды жайылтуунун жаңы системасын ишке киргизди. Бул система көп сандагы колдонуучуларга Улутстаткомдун расмий сайтынан (www.stat.kg) актуалдуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам алууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, QR-код Улутстаткомдун бардык басылмаларында жеткиликтүү.


Акыркы жаңылоо: 21.08.2023, 17:26