Улутстаткомдо тазалоо иштери жүргүзүлүп, ишембилик өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 22.03.2025


Бүгүн, 22-март күнү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги, борбордук аппаратынын жана Интеллектуалдык маалыматтар борборунун эркек кызматкерлери ишембиликке чыгышып, Улутстаткомдун имаратынын айланасын жана анын жанаша аймактарын тазалашты.
 
Ишембиликтин алкагында кызматкерлер айлана-чөйрөнү иретке келтирүү иштерин жүргүзүшүп, айрыкча бактардын тегерегин тазалап жана таштандыларды жыйнады. Мындан тышкары, суу түйүндөрүнүн тегерегинде топтолгон таштандылар да алынып, аймактын тазалыгына көңүл бурулду.
 
Ишембиликтин максаты – айлана-чөйрөнү таза жана тартипте сактоо, экологиялык жактан таза аймакты камсыз кылуу, ошондой эле кызматкерлердин биримдигин чыңдоо жана жаратылышка болгон камкордукту арттыруу. Мындай иш-чараларга кызматкерлер өз убагында жана тынымсыз катышып, өз салымдарын кошуп келишет.

Акыркы жаңылоо: 24.03.2025, 16:44