Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 25.09.2023


2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде  "Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганынын 34 жылдыгына карата мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин аткаруу менен башталды.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тилдин тарыхы боюнча маалыматтар берили, белгилүү жазуучу Ч. Айтматовдун өмүр баяны, чыгармалары жөнүндө кыскача ролик көрсөтүлдү. Комитеттин кызматкерлери тарабынан мамлекеттик тил тууралуу ырлар аткарылды.


Акыркы жаңылоо: 29.09.2023, 08:49