Жалпысынан республика боюнча жакырчылык деңгээли мурунку жылга карата 1,5 пайыздык пунктка өстү

Басылмалардын датасы: 10.06.2016


Босоголук маани катары жакырчылыктын деңгээлин баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы N 115 токтому менен бекитилген Жакырчылыктын чегин аныктоо методикасынын 3,7-пунктуна ылайык керектөө бааларынын орточо жылдык индексине индексирленген 2014-ж. жакырчылыктын чеги колдонулган. 2015-ж. жалпы жакырчылыктын чегинин нарктык чоңдугу калктын адам башына бир жылдын ичинде 31573 сомду, эң эле жакырчылык – 18234 сомду түздү.
Айыл жерлериндеги жакырчылыктын деңгээли 1,0 пайыздык пунктка, ал эми шаар жерлеринде - 2,4 пайыздык пунктка көбөйдү.
2015-жылдагы жакырчылыктын чегинде 1 млн. 931 миң адам жашаган, анын ичинен 67,7 пайызы айылдык калктуу пунктунун жашоочулары болуп саналган. (Толугу менен…)

   ________________________________________________________

 

       Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

 


Акыркы жаңылоо: 10.06.2016, 17:21