Урматтуу Кыргыз элим!

Басылмалардын датасы: 30.08.2023


Баарыңыздарды Кыргызстаныбыздын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Эгемендик - ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас. Биз талыкпаган эмгек менен гана урпактарыбызга жаркын келечекти, өнүккөн, бай өлкөнү калтырып кете алабыз.  Ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга салым кошуу - ар бирибиздин жарандык милдетибиз.

Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун. Касиеттүү кыргыз жерибизде ар дайым ынтымак жана бейпилдик өкүм сүрсүн. Желегибиз көктө желбиреп, түндүгүбүз бийик болсун.

Баарыңыздарга  бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, бакыт-таалай каалаймын. Ар бир үйдө береке жана ырыскы болсун.

 

Урматтоо менен,   
Бактыбек Кудайбергенов


Акыркы жаңылоо: 30.08.2023, 11:16