Камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны көбөйдү

Басылмалардын датасы: 24.05.2024


2024-жылдын I кварталында республиканын экономикасынын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 4,2%га көбөйдү жана 890,2 млн. сомду түздү. Мында кирешелердин жалпы суммасынын 95%дан көбү келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыздалды.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 46,5 млн. сом сальдолоштурулган пайда алынды.

2024-жылдын 1-апрелине карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 221 миңден ашык камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 2,6 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен дээрлик 92%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 80%дан ашыгы туура келди.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 12%га көбөйүп, 2024-жылдын 1-апрелине карата 360 млрд. сомду түздү. Жарандардын мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу жана жеке туризмди камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүшү белгиленди.

2024-жылдын I кварталында 791 млн. сомдон ашык камсыздандыруу төгүмдөрү келип түштү, бул өткөн жылдын январь-мартына караганда 10%га көп.

Жыл башынан бери 5,8 миң камсыздандыруу учуру белгиленди, алардын ичинен 64,7%ы кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга, 21,4%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги суммасы чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандырууга (29,8 млн. сом) жана жарандардын автотранспортун ыктыярдуу камсыздандырууга (23,4 млн. сом) туура келди.

________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312) 664209, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 24.05.2024, 09:18