2015-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмүнүн өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 01.06.2016


2015-жылы 2014-ж. салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2,2 эсе  пайызга көбөйүп, 1,6 млрд. долларды түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (94,2 пайызы), иштетүү өндүрүш ишканаларына, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына, геологиялык чалгындоого, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу) чөйрөсүнө, ошондой эле курулуш ишканаларына багытталды. Муну менен бирге иштетүү өндүрүш ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү  2,1 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына – 14,5 эсеге, геологиялык чалгындоого - 14,6 пайызга, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) ишканаларына - 3,1 эсеге,   курулушка - 5,3 эсеге көбөйдү.

2015-ж. 2014-ж. салыштырмалуу КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү, ошону менен бирге келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү Түркиядан 3,8 эсеге, Улуу Британиядан 3,6 эсеге, Кытайдан 2,1 эсеге  өстү. Муну менен катар, алардын түшүүсү Канадада (1,4 эсеге) байкалды.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын инвестициялардын түшүү көлөмү 2014-ж. салыштырганда 6,3 эсеге, муну менен бирге Россиядан келген түшүүлөрдүн көлөмү - 8,5 эсе көбөйдү, ал эми Казакстандан келген түшүүлөрдүн көлөмү тескерисинче, үчтөн бирге кыскарды.

 

 

 

 

 

 

____________________________________________________________________

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 

 

1-июнь 2016


Акыркы жаңылоо: 01.06.2016, 08:45