2020-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшүнүн төмөндөгөнү белгиленди

Басылмалардын датасы: 03.02.2022


Кыргыз Республикасында байкоо жүргүзүлбөгөн  (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын өндүрүш тарабынан бааланган көлөмү 2020-жылы 125 млрд. сомду же ИДПга карата 20,8 пайызды түзгөн.

Коронавирус пандемиясына (COVID-19) байланыштуу чектөөлөрдөн улам, 2020-жылы ИДПга карата байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 2,7 пайыздык пунктка төмөндөдү. Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын ИДПга карата үлүшүнүн төмөндөшү дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (2,6 пайыздык пунктка), мейманканалар жана ресторандар (0,5 пайыздык пунктка), ошондой эле башка ишмердиктердин (0,2 пайыздык пунктка) чөйрөсүндө анын кыскарышы менен шартталган.

Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү

 (ИДПга карата пайыз менен)

2020-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн  экономиканын 2016-жылга салыштырмалуу үлүшү 3,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн, бул анын дүң жана чекене соода чөйрөсүндө анын үлүшүнүн (3,5 пайыздык пунктка) кыскарышы менен шартталган.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн экономика1

             (ИДПга карата пайыз менен)

                                 1 Айыл чарбасын кошпогондо.


Акыркы жаңылоо: 07.02.2022, 16:39