“Жакырычылык жана айлана-чөйрө” ПРООН-ЮНЕП долбоорунун “Маалымат таратуу” Иш-чарасынын чегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети уюштурган, Пресс-клубдун биринчи отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 30.09.2016


Бүгүн, 30-сентябрьда, Улутстаткомдун конференц-залында, Пресс-клубдун ишинин чегинде, республиканын статистикалык органдарынын жүргүзгөн иштерин, методологияларын, эсептөөлөрүн тагыраак көрсөтүп берүү боюнча, социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чагылдыруучу журналисттер менен статистика кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Бул иш-чаранын негизги максаты коомдун манилүү социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө мамлекеттик статистиканын ролу, өз-ара диалог түзүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Журналисттердин алдына Улутстакомдун төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаев саламдашуу менен чыгып, мынлдай жолугушуулар мүмкүн болушунча өткөрүлүп туруусу керектигин, коомчулукка маалымат таратууда тажрыйба алмашып туруу жана көрсөткүчтөрдү эсептөөнүн жаңы методологиялары менен журналисттерди тааныштырып туруу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал журналисттерди ушундай экитараптуу маанилүү ишчарага катышып келгендери үчүн ыразычылык билдирди.

Төраганын орун басары Текеева Люксина Айгуфовна ишчарага катышып келгендери үчүн журналисттерге ыразычылык билдирүү менен, алардын Пресс-клубдун жобосун иштеп чыгуу жана бекитүүгө катышуусунун, Улутстаткомдун кызматкерлери менен тажрыйба алмашуусунун жана клубдун ишинин кандай болуусун каалоолорунун манилүүлүгүн белгиледи.

Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрө статистикасы Башкармалыгынын башчысы Орозбаева Каныкей Жантаевна “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары” аттуу презентациясы менен чыгып сүйлөдү. Ал журналисттерге туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары, 2030-жылга чейин аларды ишке ашыруунун маселелери жөнүндө журналисттерге маалымат берди. Ошондой эле, Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча Улутстатком тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жолугушуунун катышуучуларына баяндама берди.

Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрө статистикасы Башкармалыгынын үй-чарба статистикасы бөлумүнүн башчысы Самохлеб Галина Якуповна “Мамлекеттик органдарга калктын ишеним индекси” аттуу презентациясында, калктын ишеним көрсөткүчтөрү кандай эсептелээрин айтып берди.

Анын айтымында, “калктын ишеним индекси”, жарандардын мамлекетке болгон жеке ишенимин, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээли жөнүндөгү жеке пикирди жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин баалоого мүмкүнчүлүк берет.

Журналисттердин алдына чыгып сүйлөөлөрдү Социалдык-демографиялык жана эмгек рыногунун статистикасы Башкармалыгынын демографиялык статистикасы бөлүмүнүн башчысы Жайлообаева Гульнара Жылкычиевна “кызматкерлердин номиналдуу орточо айлык маянасын эсептөө” темасы  боюнча сүйлөп берүү менен аяктады.

Ал, эсептөөнүн методологиясы боюнча журналисттерге түшүндүрмө берип, кызматкерлердин номиналдуу орточо айлык маянасы кандай эсептелээрин слайддан көрсөтүп берди.

Жолугушууда, ошондой эле, журналисттер менен Улутстаткомдун кызматкерлеринин ортосунда активдүү диалог жүруп, тармактардагы бөлүмдөрдүн башчылары журналисттердин суроолоруна жоопторду беришти. Мындай жолугушуулардын эки тарапка тең бирдей манилүүлүгүн  жолугушуунун катышуучулары бир добуштан белгилешти.

Пресс-клубдун бул отуруму “Жакырычылык жана айлана-чөйрө” ПРООН-ЮНЕП долбоорунун “Маалымат таратуу” Иш-чарасынын чегинде өткөрүлдү.


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:40