Бишкекте “Гендер коомчулуктун түшүнүгүндө” аттуу изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө Жыйынтыктоочу конференция өтүп жатат - фоторепортаж
Басылмалардын датасы: 27.09.2016
Бүгүн, 27-сентябрда, Парк Отелдин конференц-залында “Гендер коомчулуктун түшүнүгүндө” аттуу изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө жыйынтыктоочу конференция өтүп жатат.
Конференциянын ишинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин, Улуттук статистикалык комитеттин, мамлекеттик органдардын, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Жыйындын катышуучуларына Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов саламдашуу менен кайрылып, өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү белгиледи.
“Өзүңүздөргө белгилүү, буга чейин, Республикада гендердик көйгөйлөрдү камтыган кеңири масштабдагы изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, бирок аларды өткөрүү зарылчылыгы БУУнун профилдик Комитети тарабынан аялдарга карата дискриминацияны жоюу жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү Докладына карата Корутунду сын-пикирлерде белгиленген. Коомдун гендерге мамилеси боюнча маселелерге тиешелүү комплекстүү улуттук изилдөөлөрдү жүргүзүү милдети 2015—2017-жылдарда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин улуттук планында, Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегиясын аткаруунун алкагында кайра каралган.
Ушуга байланыштуу, ири масштабда изилдөө боюнча “Гендер коомдун түшүнүгүндө” долбоорун өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, аялдардын саясатка катышуусу, алардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, кыз уурдоо формасында аялдарга карата зордуктоо жана жашы жетпегендерди никеге мажбурлоо, миграция үчүн аялдарды диний радикалдаштыруу жана анын натыйжалары, ошондой эле аялдардын эмгек миграцияга катышуусу боюнча маселелерге сапаттык жана сандык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул темалар тийиштүү методологиялардын жардамы менен иликтенген.
Бүгүнкү Сиздердин алдыңыздарга чыгарылып жаткан, Улуттук статистикалык комитет тарабынан жүргүзүлгөн ири масштабдуу изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, мамлекеттик институттардын гендердик теңчилик жаатында саясаттарды жана программаларды иштеп чыгуулары үчүн, ошондой эле эл аралык агенттиктер, анын ичинде БУУнун өлкөлүк топторунун мүчөлөрү жана өнөктөштүк коомдук уюмдар үчүн, сапаттуу тынчтыкты орнотуу жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында колдонуусуна пайдалуу болот деп ишенебиз”, - деди А.Султанов.
Жыйында ошондой эле, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министири Кудайберген Базарбаев, БУУ топтомунун туруктуу координатору Александр Аванесов, БУУнун аялдар Кыргыз Республикасында түзүмүнүн өкүлү Геральд Гюнтер, БУУнун калкты жайгаштыруу фондунун аткаруучу өкүлү Медер Өмурзаков, Кыргыз Республикасындагы МОМ миссиясынын башчысынын милдетин аткаруучу Бермет Молдобаевалар сүйлөштү.
Конференциянын катышуучулары аялдардын саясатка катышуусунун, аялдардын абалынын жана диндик практиканын, аялдарга жана кыздарга каршы зомбулуктун – эрте жашта турмуш куруу жана келин алакачуунун, аялдардын эмгек миграциясында катышуусунун жана жаштардын маселелерин талкуулашты.