Бишкекте Улутстаткомдун кызматкерлери менен журналисттердин жолугушуусу болуп өттү - фоторепортаж

Басылмалардын датасы: 23.12.2016


Бүгүн, 23-декабрда, Улутстаткомдун пресс-залында, республиканын статистикалык органдарынын жүргүзгөн иштерин, методологияларын, эсептөөлөрүн тагыраак көрсөтүп берүү боюнча, социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чагылдыруучу журналисттер менен статистика кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Журналисттердин алдына Улутстакомдун Статистикалык маалыматты таратуу жана жыйынтыктоо иштер бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева саламдашуу менен чыгып, мындай жолугушуулардын квартал сайын өткөрүлүп туруусун жана коомчулукка маалымат таратууда тажрыйба алмашып туруу жана көрсөткүчтөрдү эсептөөнүн жаңы методологиялары менен журналисттерди тааныштырып туруу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал журналисттерге ушундай экитараптуу маанилүү ишчарага катышып келгендери үчүн ыразычылык билдирди.

Бааалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова “Керектөө бааларынын индекси” түшүндүрмөсү менен чыгып, жолугушуунун катышуучуларына товарларга жана кызматтарга керектөө бааларынын жана тарифтеринин индексинин түзүлүүсүнүн негизги баскычтары жөнүндө айтып берип, эсептөөлөр кандай жүргүзүлөрүн слайддан көрсөтүп, журналисттердин жана Улутстаткомдун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрө статистикасы Башкармалыгынын үй-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб  “Жашоо-тиричилик минимумунун өлчөмүн эсептеп чыгуу” боюнча түшүндүрмө берди. Ал адамдын ден соолугун сактоо жана анын турмуш тиричилигин камсыздоо үчүн, керектүү азык заттардын минималдык топтомун түзүүнүн негизги принциптери, курамы жана жашоо тиричилик минимумунун өлчөмүн эсептеп чыгуунун ирети жөнүндө айтып берди.

Журналисттердин алдына чыгып сүйлөөлөрдү Социалдык-демографиялык жана эмгек рыногунун статистикасы Башкармалыгынын башчысы Римма Чыныбаева “Кыргыз Республикасында демографиялык статистикада Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын улутташтыруу процесси” темасы  боюнча сүйлөп берүү менен аяктады.

Ал, журналисттерге туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары, 2030-жылга чейин аларды ишке ашыруунун маселелери, мониторинг системасын түзүүнүн шарттары жана демографиялык статистика боюнча Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын индикаторлору жөнүндө айтып берди.

Жолугушууда активдүү диалог жүрүп, Улутстаткомдун адистери журналисттердин суроолоруна жоопторду беришти. Мындай жолугушуулардын эки тарапка тең бирдей манилүүлүгүн  жолугушуунун катышуучулары бир добуштан белгилешти.

 

 


Акыркы жаңылоо: 23.12.2016, 16:56