2016-жылдын февралындагы керектөө бааларынын 0,2 пайызга төмөндөшү белгиленди.
Басылмалардын датасы: 15.03.2016
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 2016-ж. февралында (мурунку айга салыштырмалуу) 99,8 пайызды түздү.
Муну менен бирге баалардын төмөндөшү тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (бир пайызга) белгиленди. Баалардын эң эле көп төмөндөөсү биринчи сорттогу буудай унуна – 2,5 пайызга, маргаринге – 2,1 пайызга, чочконун этине – 2,0 пайызга, куйма сүткө - 1,8 пайызга, жогорку сорттогу буудай унуна – 1,8 пайызга жана уйдун этине – 1,5 пайызга катталган.
Муну менен катар у.ж. февралында керектөө бааларынын жогорулашы кара мурчкка (4,3 пайызга), ачыткычка (2,3 пайызга), пахта майына (1,3 пайызга), кофе жана чайга (1,1 пайызга), балыкка (0,9 пайызга), чалган майына (0,7 пайызга) жана тандыр нанына (0,6 пайызга) байкалды.
үстүбүздөгү жылдын февралында баалардын азык-түлүк эмес товарларга – 0,2 пайызга жана тейлөөлөргө - 0,4 пайызга жогорулады. Ошондой эле баанын тамекиге – 2,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге – 0,1 пайызга өсүшү катталды
Изменение потребительских цен по Кыргызской Республике в 2015-2016гг.
(прирост (+), снижение(-); в процентах к предыдущему

үстүбүздөгү жылдын февралында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын төмөдөшү Ысык-Көл (0,8 пайызга өскөн) жана Чүй (0,2 пайызга өскөн) облустарынан башка республиканын бардык региондорунда белгиленди. Тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын төмөндөшү республиканын бардык региондорунда байкалды.
Ошол эле мезгилде азык-түлүктүк эмес товарларга баалардын өсүшү Ысык-Көл (0,1 пайызга), Чүй (0,6 пайызга) облустарында жана Бишкек шаарында (0,6 пайызга) катталды. Калкка көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн тарифтеринин жогорулашы Нарын (0,8 пайызга төмөндөгөн) жана Талас (0,1 пайызга төмөндөгөн) облустарын кошпогондо республиканын бардык региондорунда байкалды
Баалардын статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825, 324705
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
Колу жана датасы
