Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн статистика кызматтарынын адистеринин 2024-жылга карата Эл аралык салыштыруулар программасы боюнча инвестициялык товарларынын тизмесин макулдашууга арналган кеңешмеси өтүүдө

Басылмалардын датасы: 21.05.2024


Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн статистика кызматтарынын адистеринин 2024-жылга карата Эл аралык салыштыруулар программасы боюнча инвестициялык товарларынын тизмесин макулдашууга арналган кеңешмеси өтүүдө. Бул иш-чара “КМШ статистикасын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында КМШ Статкомитети тарабынан уюштурулган.

Инвестициялык товарлардын тизмеси 2024-жылы Эл аралык салыштыруу үчүн колдонулат. Бул товарлар сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритетин аныктоодо жана талдоодо негизги ролду ойнойт, бул өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы экономикалык көрсөткүчтөрдү туура салыштырууга таасир этет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өзүнүн саламдашуу сөзүндө бул окуянын маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Эл аралык салыштыруулар программасы – бул дүйнөнүн бардык региондорун камтыган эң ири статистикалык долбоор жана Кыргызстан бул масштабдуу долбоордун катышуучусу болуп саналат. ЭСП улуттук программалар үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда жана статистикалык иштердин программасына киргизилген. Ушуга байланыштуу өлкөлөр эл аралык салыштыруулар боюнча изилдөөлөрдү канчалык сапаттуу өткөрсө, өндүрүлгөн статистикалык маалыматтар ошончолук сапаттуу болуп,  алар тиешелүү чечимдерди кабыл алууда колдонулат”.

Бишкектеги жыйын КМШ өлкөлөрүнүн статистика жаатындагы аракеттерин интеграциялоону жана координациялоону тереңдетүү үчүн маанилүү платформа катары кызмат кылат, бул жыйынтыгында бардык катышуучулар үчүн кыйла так жана релеванттык экономикалык көрсөткүчтөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

 


Акыркы жаңылоо: 21.05.2024, 15:00