Өткөн жылда өсүмдүктөрдүн продукциясын өндүрүүнүн көбөйүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 22.01.2016


2015-жылы республика боюнча 1,7 млн. тонна дан (иштетилгенден кийинки салмакта) өндүрүлдү, бул мурунку жылга караганда 1,3 эсеге көп.

Дан өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн көбөйүшү буудай жана арпанын түшүмдүүлүгүнүн олуттуу жогорулашы менен шартталды. Ошондуктан эгерде 2014-ж. буудайдын орточо түшүмдүүлүгү жалпысынан республика боюнча гектарына 16,9 центнерди (иштетилгенден кийинки салмакта) түзсө, анда 2015ж. - гектарына 23,7 центнерди, арпа тиешелүүлүгүнө жараша гектарына 12,7 центнерди түзсө, быйылкы жылы 21,3 центнерди түздү.

1,4 млн. тонна картошка казылып алынды, бул 2014-ж. караганда 7,2 пайызга көп.

Бир млн тоннадан ашык же 14,4 пайызга көп жашылчалар жыйналып алынды.

Муну менен катар мөмө-жемиштердин дүң жыйымы жалпысынан республика боюнча дээрлик 12 пайызга кыскарды.

Айдалган аянттардын кыскарышы пахтанын дүң жыйымынын 36 пайызга жана тамекинин 69 пайызга төмөндөшү менен шартталды.

 

 

 

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгы                            \e-mail:gmupsabekova@stat.kg

                                                                                                                        | тел.+996 (312)664043

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магнитик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

 


Акыркы жаңылоо: 22.01.2016, 17:10