Өткөн жылдагы ИДПнын өсүүсү товар өндүрүү тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды
Басылмалардын датасы: 17.01.2019
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2018-ж. январь-декабрында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга өсүп, 557 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 509,1 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга жогорулады.
ИДПнын өсүшү негизинен айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу товар өндүрүү тармактары – 105,1 пайызды (2017-ж. январь-декабрында – 106,5 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,7 пайызды (2017-ж. январь-декабрында – 103,3 пайыз) түздү.
2017-жылдын январь-декабрына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 0,7 пайыздык пунктка төмөндөп, 39,1 пайызды түздү, ал эми кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 0,3 пайыздык пунктка азайып, 46,8 пайызды түздү.
2018-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
(пайыз менен)
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү темптери (төмөндөшү- ) |
Жыйынтыкка карата пайызы менен |
||||||
2017 |
2018 |
||||||||
|
ИДП |
557113,3 |
3,5 |
100,0 |
100,0 |
|
|||
|
Товар өндүрүү тармактары |
217892,5 |
5,1 |
39,8 |
39,1 |
|
|||
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
64897,1 |
2,7 |
12,5 |
11,7 |
|
|||
|
Өнөр жай |
103845,9 |
5,5 |
18,7 |
18,6 |
|
|||
|
Пайдалуу кендерди казуу |
5470,1 |
8,1 |
0,9 |
1,0 |
|
|||
|
Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы) |
84437,7 |
5,0 |
15,0 |
15,1 |
|
|||
|
Электр энергия, газ, буу жана (жабдуу) |
12476,6 |
5,0 |
2,5 |
2,2 |
|
|||
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, |
1461,5 |
27,7 |
0,3 |
0,3 |
|
|||
|
Курулуш |
49149,5 |
7,8 |
8,6 |
8,8 |
|
|||
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
260846,9 |
2,1 |
47,1 |
46,8 |
|
|||
|
Дүң жана чекене соода; автомобилдерди жана мотоциклдерди оѕдоо |
101466,0 |
5,1 |
17,8 |
18,2 |
|
|||
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
22027,1 |
3,9 |
3,9 |
4,0 |
|
|||
|
Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги |
9403,8 |
7,4 |
1,7 |
1,7 |
|
|||
|
Маалымат жана байланыш |
16556,2 |
-7,5 |
3,1 |
3,0 |
|
|||
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
111393,8 |
0,0 |
20,6 |
19,9 |
|
|||
|
Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
78373,9 |
3,5 |
13,1 |
14,1 |
|
|||
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: a.kuderbaeva@stat.kg, @stat.kg;
тел. + 996 (312) 3246955; 325351
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).